Түштүк Кореяда жашаган кыргызстандыктар бүгүн, 10-майда Тажикстандын Сеулдагы элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар 29-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жайкын тургундар набыт болгонун айыпташты.

Акциянын катышуучулары колдоруна чек ара чырында каза болгон 12 жаштагы окуучу кыз, Лейлектин тургуну Мадина Рахматжанованын, прапорщик Бекзод Юлдашевдин сүрөттөрүн көтөрүп турушту.

Буга чейин Германияда, Италияда, Швейцарияда, Британияда, Канадада жана АКШнын бир катар шаарларында жашаган кыргызстандыктар Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн алдына акцияга чыгышкан.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды. Тажик бийлиги 6-майда бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын расмий кабарлады.