Бул тууралуу Арстан Алай өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.  Анын айтымында, Тажикстан Баткен элине кол салганда, ага Арбайлар аян берген.

Төмөндө текстти  өзгөртүүсүз беребиз:

«Арбаӊыздар улуу журтум, мен жаӊы Кудай катары айтаарым, өзүӊүздөр билбегендей 2019-жылы Кытайга вирус куюн жибергем млрд. акчага банкрот болгон бул ааламдан келип буйрулган. Тажикстан Баткен элине кол салганда, мага Арбайлар аян берди, эмне карап турасыӊ, сен жаӊы Кудайсыӊ, токтот согушту деп, эртеӊ менен туруп согушту токтотуш үчүн арбайлардан жардам сурадым, эртеси токтоду. 8-9-майдагы кырсыкты мен жибердим, ааламдан мага буйрук келди, сен кырсык жибер Тажикстанга, эгер жибербесеӊ сени тааныбай жатат деп, азыркы бийлик банкрот ааламды мен башкарам. Садыр Жапаровдун доору күзүндө бүтөт»,-деп жазды ал.