Бишкекте бир апта ичинде 206 жол эрежелерин бузган чет өлкөлүк номерлүү унаалар аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 1-майдан 7-майга чейинки аралыкта каттоо нөөмөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү 206 унаа аныкталды.

«Алардын ичинен 162 — Орусияныкы, 10 — Арменияныкы , 4 — Грузияныкы, 7- Абхазияныкы , 1- Азербайжандыкы 12 башка чет өлкөлүк номерлүү унаалар. Жогорудагы унаалардын бардыгына бузуулар кодексинин беренелеринин негизинде тиешелүү протоколдор толтурулду. Анын ичинен 8 чет өлкөлүк унаалар ар кандай багытта жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди», — деп билдиришти кайгуул кызматынан.