Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө 2021-жылдын 6-май күнү  Талас шаарынын тургуну 2002-жылы туулган Алия аттуу жаран кайрылган. Анда, алардын үйүндө убактылуу жүргөн өзү менен тең  бир тууган бөлөсү Маликаны Илгиз (аттары өзгөртүлгөн) аттуу бала Жалал-Абад шаарына ала качып кетти деп билдирген.

Билдирүү ШИИБнин маалыматты эсепке алуу журналына катталып, ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышкан. Текшерүү учурунда Малика Ильгиз  аттуу жаран менен жолугуп, ошондон бери телефону өчүрүлүп, байланышка чыкпай жаткандыгы аныкталган. Милициянын атайын түзүлгөн тобу тарабынан тиешелүү маалыматтар чогултулуп, факты КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 175-беренеси (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Талас шаардык жана облустук башкармалыктын кызматкерлеринен турган ыкчам тобу тарабынан кызды салып кеткен «Тойота-Авенсис» үлгүсүндөгү автоунаа экендигин такталган.

Унааны жана андагы Маликаны издеп табуу максатында бардыгы 20 га жакын кызматкерлер жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери атайын план түзүшүп, бардык ички иштер органдарына багыттамаларды жөнөтүшкөн. Алар көп убакыт өтпөй, ошол эле түнү Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарынан кармалышкан. Милиция кызматкерлеринин ыкчам иш алып баруусунун негизинде аталган унаанын жүргөн жери аныкталып, унаада Малика, аны ала качты деген Илгиз аттуу жаран жанында эки досу менен кармалышкан.

Иликтөө учурунда “ала качылды” делген Малика  аман-эсен табылып анын ден соолугуна жана эркиндигине эч ким кол салган эместиги жана ала качуу фактысы болгон эместиги аныкталган. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 1998-ж.т. С.Илгиз Малика менен мурунтан бери Бишкек шаарынан сүйлөшүп, кыз-жигит болуп жүрүшкөн.   Маликаны  келин кылып алабыз деп ата-энелери дагы макулдашып кеткендиги аныкталган. Бирок, макулдашкан убакыттан эрте эле Ильгиз атайын Талас шаарынан аны алып кеткени келгенин айткан. Аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Талас ОИИБнин Басма сөз кызматы