Лейлектин Максат айылында өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна жаңы турак үйлөрдүн курулушу башталды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев Лейлек районунун Максат, Сада, Интернациональное айылдарында жумушчу сапар менен болду.

Облус башчысы президенттин чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Баткен облусундагы атайын өкүлү Мамыржан Рахимов менен бирге куралдуу жаңжалдын кесепеттерин жана калыбына келтирүү жумуштарынын жүрүшүн жеринде көрүп чыгышты.

«Иш сапардын алкагында ыйгарым укуктуу өкүл Максат айылынын эли менен жолукту. Бул күндөрү облустун чек ара аймактарында орун алган окуяга байланыштуу түзүлгөн калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү боюнча облустук комиссия иштеп, жетекчилер, жергиликтүү тургундар менен бирге маселелер талкууланды», — деп айтылат маалыматта.

Абдикарим Алимбаев жергиликтүү тугундарды сабырдуулукка чакырып, аймакта коомдук коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңул бурулаарын, кыска аралыкта турак үйлөрдү куруу, жарандардын жоголгон документтерин берүү иштери аткарылаарын белгиледи. Ошондой эле курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жергиликтүү жетекчилерге, тазалоо иштери аяктаган жерлерде, турак үйлөрдүн курулушун баштоону тапшырды.

Турак үйлөрдүн курулушун бүгүн, 11-майда баштоо пландаштырылды.

Жергиликтүү тургундар азык-түлүк, кийим-кече, турмуш тиричиликке керектүү болгон жардамдар жетиштүү берилип жатканын, калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүп, мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоолор үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн акыркы окуядан Максат айылында 89 үй, мектеп, бала бакча, ФАП, милициянын аймактык пункту, айыл башчынын имараты өрттөлүп, жараксыз абалга келген.

Азыркы учурда айылда 50гө жакын убактылуу үйлөр тигилген. Электр энергия калыбына келтирилип, таза суу, сугат суу берилип жатат.

Максат айылында 1 200 эл, 288 кожолук жашайт. Айылда чек арадагы жаңжалда бир жаран каза болгон.