Кыргызстанда 11-майга карата коронавирус дагы 379 адамдан аныкталып, 7 бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымына караганда, Бишкекте – 240,

Ош шаарында – 5,

Чүй облусунда – 103,

Ош облусунда – 1,

Талас облусу – 2,

Нарын облусунда – 9,

Ысык-Көл облусунда – 13,

Жалал-Абад облусунда – 1,

Баткен облусу — 5 адамдан илдет табылган.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда 1 бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 99 миң 33 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 92 миң 120 киши айыгып чыкса, 1 миң 667 адам каза болду.