Урматтуу ата-энелер жана балдарды карап жаткан жарандар! Жылуу мезгил келгендигине байланыштуу бардыгыбыз терезелерди ачып коюп жатабыз. Бул кичинекей балдарыбыз үчүн кооптуу болушу ыктымал. Жыл сайын жайында көп кабаттуу үйлөрдүн терезелеринин ачык болушунан балдарыбыз кулап кеткен каргашалуу окуялар кездешет.
Коопсуздук чараларын сактоо кырсыкты алдын алат. Көп учурда кичинекей балдар чоңдордун көзөмөлү жок учурда терезелерден кулап кетүүдө. Ошондуктан балдарды кароосуз таштабагыла, өзгөчө терезе тарапта ойноп жатканда. Терезеге коюлган торлор дагы кырсыкты алдын ала албайт. Терезелердин толук ачылбашы үчүн блокираторлорду орнотуңуздар.
Урматтуу ата-энелер жана балдарды карап жаткан жарандар, балдарыңыздар ар дайым сиздердин көзөмөлүңүздөрдө болушу кажет!

ИИМдин Басма сөз кызматы