Бишкек шаардык мэриясында Шаардык транспорт башкармалыгы менен “Эко жүргүнчү ташуу” компаниясынын ортосунда кызматтыштык тууралуу меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу борбор калаанын муниципалитетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Бир ай мурун, Самарканддагы автомобиль заводу (SamAuto) ЖЧКсынын өзбек өнөктөштөрү менен жолугушуу учурунда биз бул меморандумга кол коюу боюнча макулдашууга жетиштик», — деп кошумчалашты мэриядан.

Муниципалитет транспорттун баасын, аны сатып алуу шарттарын атаган жок, алар келишим даяр болгондо маалымат беришээрин белгиледи.

“Автобустардын биринчи партиясы шаардын каттам линияларына 2021-жылы 1-июлга чейин жеткирилет”, — деп айтылат мэриянын маалыматында.

Мындан тышкары, Бишкек шаардык мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Бишкекте экологияны жана таза абаны сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, ушуга байланыштуу коомдук транспорттун  түрүн алуу артыкчылыктуу экенин билдирди.

Белгилүү болгондой, 2022-2023-жылдар аралыгында “Эко жүргүнчү ташуу” компаниясы газ менен иштеген, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ылайыкташкан 9, 10, 12 метрлүү автобустардын санын 1 миңге жеткирүүнү пландоодо.