Президент Садыр Жапаров тарабынан экономиканын артыкчылыктуу тармактарын реформалоо боюнча коюлган тапшырмаларды ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик активдерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар көрүлөт.

Бардык мамлекеттик мүлктү толук инвентаризациялоо жүргүзүлөт.

Натыйжада, стратегиялык жана киреше алып келүүчү объектилер жана ишканалар мамлекеттин менчигинде калат. Алар башкарууну жана көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын оптималдаштырат.

Ал эми өзүн актабаган, кризистик абалда турган, киреше алып келбеген, бирок ошол эле учурда республиканын балансында турган жана мамлекеттик бюджеттен камсыздандырылган ишканалар реструктуризацияланып, конкурстук негизде жеке менчикке өткөрүлүп берилет.

Менчиктештирүүгө жатпаган мамлекеттик мүлк министрликтерге, ведомстволорго жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилиши керек.

Ушундай жол менен мамлекет стратегиялык жана кирешелүү компанияларды натыйжалуу жана сапаттуу башкарууга алып келүүгө болот.

Ошондой эле рентабелсиз мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүгө байланыштуу мамлекеттик бюджет толукталат, ошол эле бюджет ликвиддүү эмес мүлктү каржылоодон бошотулат.

Мындай мүлктү конкурстук негизде жеке менчикке өткөрүп берүү экономиканын негизги тармактарына түрткү берет.Жалпысынан, мамлекеттин экономикалык саясаты калкты иш менен камсыз кылууга, туруктуу киреше алууга жана өндүрүмдүү жумуш орундарын түзүүгө багытталышы керек экендигин белгилей кетүү керек.

Ишкерлер үчүн чындыгында жагымдуу шарттарды түзүү, инновациялык жана экологиялык таза технологияларды колдонуу аркылуу атаандаштыкка жөндөмдүү санарип экономикасын түзүү максатында реформаларды жигердүү жүргүзүү керек.

Маалымдама:

Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, жеке менеджмент мамлекеттик менеджментке караганда алгылыктуу натыйжаларды көрсөтөт.

Кирешелерди алып келбеген жана кыйраган абалда турган мамлекеттик ишканаларды кайра түзүмдөштүрүү жана келечекте аларды атаандаштыктын негизинде жеке менчикке өткөрүп берүү реформалардын баардыгын камтыган элементи болушу керек.

Ошол эле учурда менчиктештирүүгө жатпаган мамлекеттик мүлк министрликтерге, ведомстволорго жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилиши керек.

Менчикти мамлекеттен ажыратуу жана трансформациялоо процессинде мамлекеттин ролу да өзгөрөт, бул социалдык маанилүү тармактарды колдоого жана зарылчылык келип чыкса, рыноктун кесепеттерин жоюуга чейин жетет.

Дал ушул жеке менчик ээлеринин жана ишкерлердин пайда болушу прогрессти аныктайт, өндүрүштө акыркы технологияларды колдонуу менен инновацияларга жана жаңыланууга жол ачат.

Ушуга байланыштуу, менчиктештирүүнүн акыркы этабын аяктап, стратегиялык мамлекеттик компанияларда мамлекеттин үстүнөн көзөмөлдү сактап калуу жана рентабелдүү эмес мамлекеттик компанияларды жеке атаандаштык бизнеске өткөрүп берүү аркылуу чыгуу үчүн прагматикалык балансты түзүү керек, бул болсо аларды түзө турган чакан жана орто компаниялардын ишкердүүлүгүнүн белгилүү бир чөйрөсүн өнүктүрүүгө кошумча түрткү болот.

Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн хронологиясы көрсөткөндөй, дүйнөлүк экономиканын өнүгүшүн жана базар мамилелеринин заманбап принциптерин эске алуу менен, мамлекет жалпы менчиктештирүүдөн мамлекеттик мүлктү, анын ичинде мамлекеттик компанияларды натыйжалуу башкарууга өтүшү керек.

Дүйнөлүк практикага жана тажрыйбага таянуу менен (Казакстан, Малайзия, Сингапур), бул жааттагы реформанын эң алгылыктуу модели — улуттук менеджмент компаниясын — рыноктук негизде иштеген уюмду түзүү, анын максаты мамлекет тарабынан башкаруучу компаниянын капиталына салым кошкон активдерди башкаруу болуп саналат.

Жогоруда аталган өлкөлөрдүн тажрыйбасынын ийгилиги көрсөткөндөй, мамлекеттик компаниялардын менеджментин башкаруу процессине кесипкөй кадрларды тартуу үчүн жетиштүү деңгээлдеги квалификациясы жана каржылоосу бар структура же түзүмдөр колго алышы керек.

Мамлекеттик компаниялар Кыргыз Республикасынын экономикасында маанилүү ролду ойнойт, ошол эле учурда алардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн олуттуу потенциал бар.