Блогер блок

«Кичинекей балдарыбыз да саясатты сүйлөшөт. Жаштарды башкача идеология менен тарбиялоого чакырат элем»

Facebook социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу Эллмира Эшанова учурдагы чек арадагы куралдуу кагылуушуу жана коомдогу абал тууралуу төмөнкүдөй пикирин жазган. Текстти өзгөртүүсүз беребиз:
«Кечээ тажик улутундагы блогердин жеке баракчасына бир пост аркылуу кирип калдым, подписчиги өтө көп экен. Туугандар, кечиресиңер, биздин нааразычылык, бири-бирибиз менен болгон ич ара мамиленин баарын ал жакта чагылдырып турушат экен. Булардын Кудайы бар деп Арстан Алайдын роликтери жүрөт мыскылдаган. Ватсаптан тытышсак да башка улут көрчү жерлерден кичине жакшы жактарды чыгарып, критиканы да орду менен жасап, башкача деңгээлибизди көрсөтпөйлүбү? Сынды өзүнүн колунан реально келген адамдар берсе жарашат эле да. Анан диванда олтуруп алып эле жаман иттердей үрө бергенибиз болбойт го. Бул адаттар үй-бүлөдө бала-чакага таасири тийип жатат, эртең алардан кандай адам өсүп чыгат деп да ойлонолу. Өнүгүү, жаңы идеялар жөнүндө акыл-насаат берсек болбойбу?
Ар бирибиз сындай бербей жол көрсөтпөйлүбү кантип оңолуу боюнча? «Кандай кесиптин ээси болуу керек?», «Кыргызстанды кандай кылып өнүктүрүүгө болот?», «Мамлекетибиз кандай кесиптерге муктаж?» деген темалар боюнча мисалы. Жаштар ушундай нерселерге муктаж экен аябай. Кичинекей балдарыбыз да саясатты сүйлөшөт. Буга жол берген ата-эне, улуу муундар, орто муундар баарыбыз күнөөлүүбүз. Саясатты түшүнгөн адамдар жасай беришсин.
Мамлекеттин келечеги үчүн жаштарды башкача идеология менен тарбиялоого чакырат элем. Ойлонолу туугандар!!!» — деген пикирин жазган Эшанова.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button