Компаниянын президенти Деон Баденхорст, финансы боюнча директору Саймон Тан жана Жеткирүү системасы боюнча башкармалыктын директору Арипин Буман 12-майда эки кырсык боюнча күбө катары суракка чакырылган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 1-декабрында Лысый суусунун аймагындагы түндүк тоо этегинде жер жылып кеткен. Анын кесепетинен бульдозердин айдоочусу Ж. Ж. жана тоо иштери боюнча мастер О. И. аттуу адамдар изделип, табылбагандыктан каза тапты деп эсептелген. Алардын сөөгүн бир айдан ашык издешкен.

Ал эми 2020-жылдын 15-февралында иш учурунда экскаваторчу И. Ж. аттуу адам техникасы менен бирге Петров көлүнө түшүп кетип, сөөгү табылган.

Облустук прокуратура ички иштер башкармалыгына кошумча тергөө өткөрүү боюнча ишти 3-майга чейин жөнөткөнү белгилүү болду.

Алдын ала маалымат боюнча, «Кумтөр голд компани» ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткени айтылды.

Белгилей кетсек, өткөн жумада Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Кумтөр голд компани» ишканасынан мамлекеттин эсебине экологиялык эрежелерди бузганы үчүн 3 миллиард доллардан ашык сумманы өндүрүү чечимин чыгарган. Буга чейин бир күн мурда Жогорку Кеңеш «Кумтөргө» экологиялык эрежелер аныкталса, тышкы башкарууну киргизүүгө мүмкүнчүлүк берген чечим кабыл алган.

Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген.