Баткен шаарында Тажик Республикасынын 3 оор жүк ташуучу унаалары жергиликтүү тургундар тарабынан токтотулганы боюнча Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы төмөнкүдөй расмий маалымат берет.

2021-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын аймагына Тажик Республикасынын жарандары Талас облусунун «Чоң Капка» өткөрмө жайы аркылуу өтүшүп, 29-апрель күнү Ош шаарынын Достук өткөрмө пунктуна жакын жерге токтошуп түнөгөн.

2021-жылдын 30-апрель күнү Ноокат районунун Т.Зулпуев айыл аймагынын Кызгалдак айылында Тажик Республикасына таандык болгон 2 жүк ташуучу унааны элдер тосуп, токтотуп тургандыгы боюнча маалымат Ноокат РИИБнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, иштин караштуулугу боюнча материал Кара-Суу РИИБне жөнөтүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган: Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айылынын 50 жаштагы К.Ө. аттуу тургуну жана Кулуңду айылынын 29 жаштагы К.Н. аттуу тургуну Ош шаарындагы Достук өткөрмө пунктуна жакын жерде токтоп турган Тажик Республикасынын мамлекеттик белгилери 1311SE03 жана 2199ВК03 болгон эч кандай документтери жок «СКАНИЯ» жана «МЕРСЕДЕЦ» үлгүсүндөгү 2 жүк ташуучу унааларды Ноокат районунун Т.Зулпуев айыл аймагындагы Ош-Исфана автожолунун Исфана багыты боюнча башкарып бара жатышкан учурда жергиликтүү тургундар токтотушкан. Ноокат РИИБнүн милиция кызматкерлери тарабынан жүк ташуучу унааларга акт түзүлүп, мөөр басылып, жол тейлөө мекемесинин короосуна киргизилген.

Бул факты 1-май күнү Кара-Суу РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө мамлекеттик белгиси 1311SE03 болгон «СКАНИЯ R400» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу Тажик Республикасынын жараны 1983-жылы туулган Мадиев Гуломчон Рахимкулович, ал эми мамлекеттик белгиси 2199ВК03 болгон «Мерседец-Бенц 2544» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу Тажик Республикасынын жараны 1986-жылы туулган Тошматов Рустам Коржовович экендиги аныкталган.

Жогорудагы аты аталган Тажик Республикасынын айдоочулары тергөөнүн жүрүшүндө кыргыз айдоочуларына арыз-доосу жок экендигин билдирген.

Мындан сырткары Кара-Суу РИИБнин жол кыймылынын көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери тарабынан мамлекеттик белгиси 2723SE03 болгон «МЕРСЕДЕЦ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасы токтотулуп, айдоочусу Өзгөн районунун Ийри-Суу айылынын 28 жаштагы тургуну К.Н. протоколдор түзүлүп, айып төлөөчү жайга киргизилген.

Жогорудагы 3 оор жүк ташуучу унаалар эки өлкөнүн ИИМ жетекчилеринин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында 11-апрель күнү Баткен шаарына кыргыз жарандарынын Тажик Республикасы тарабынан кармалган 7 оор жүк ташуучу унааларына алмаштыруу максатында алынып келинген.

Азыркы учурда Тажик Республикасынын 3 оор жүк ташуучу унаасы Баткен шаарында токтотулуп турат.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы