Коом
Мектептерде акыркы коңгуроо онлайн режиминде өткөрүлөт
Кыргызстанда мектептерде акыркы коңгуроо онлайн режиминде өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова билдирди.
Анын айтымында, чечим республикалык штабда талкуулангандан кийин кабыл алынды.
«Биз белгилүү инсандардын куттуктоосун даярдайбыз, аны телеканалдарга берүүнү пландап жатабыз. Азыр бул маселе талкууланып жатат. Мектеп жамааттары, администрациялар дагы бүтүрүүчүлөрүнө куттуктоо сөздөрүн даярдашат », — деди ал.
Белгилей кетсек, окуу жылы 25-майда аяктайт.