Баткенде кармалган тажик жарандарынын оор жүк ташуучу унаалары Россиядан келе жатканын облустук милиция билдирди.
ОИИБдин маалымат кызматы фуралар турмуш-тиричилик үчүн колдонулган күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды жүктөп баратканын көрсөтүп, сүрөтүн жарыялады.
Милициянын берген маалыматы боюнча, бул автоунаалар Тажикстанда кармалып турган кыргызстандыктардын жети фурасы менен алмашылат.