Бишкек шаарынын мурдагы мэри Балбак Түлөбаев өзүнүн Facebook баракчасына  Кумтөр тууралуу төмөнкүдөй пикирин жазып чыкты.

«Кумтөр жок дегенде эле 5 млрд долларга жакын акчаны бизге төлөш керек.
Ойгон кыргыз! Сак бол! Центеррага жедирбейли Президентибизди. Ач күсөндөргө. Ушуга чейин бирөө да кылган эмес, Кумтөр жок дегенде эле 5 млрд долларга жакын акчаны бизге төлөш керек. Бутка туруп кетебиз. Эми сак болуп, ар кайсы маалыматка ишенип алдырып ийбейли, акыл менен алып алалы. Азыр булар кара пиарды баштайт. Президентибизди колдоп, тигилерге жедирбейли. Армияны да, экономиканы да, жашоону да оңдоп алабыз. Бекем туралы», — деп жазган Балбак Түлөбаев.