«Кумтөр» алтын кенин иштеткен Канаданын Центерра Голд компаниясы 26 жыл ичинде кыргыз өкмөтүнө 4 миллиард доллардын ордуна болгону 1 миллиард 700 миллион доллар төлөгөн. Бул тууралуу «Кумтөр» боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров парламенттик комитеттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, канадалык компания маалыматтарды манипуляциялаган.

«Депутаттык комиссянын бүтүмүнө ылайык, Центерранын сайтында жарыяланган маалыматтар бурмаланган. Ал жакта компания иш жүргүзүп баштагандан бери 4 миллиард долларды кыргыз өкмөтүнө которгондугу белгиленген. Бирок, иш жүзүндө 26 жыл ичинде болгону 1 миллиард 750 миллион доллар, тактап айтканда 2 жарым эсе аз каражат которгон», — деди Жапаров.