Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Мындай чечимди Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 12-майдагы жыйынында кабыл алды.

Буга чейин аймактык шайлоо комиссиясы «Эмгек» жана «Ак Бата» партияларын шайлоодон четтеткен.

Аталган партиялар тарабынан шайлоо убагында мыйзам бузуулар катталгандыгы үчүн жарыштан алынган.

Эскерте кетсек, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп, жети пайыздык босого чегинен «Биздин эл», «Ата-Журт Кыргызстан», «Эмгек», «Ынтымак», «Ак Бата» жана «НДПК» партиялары өткөн.

Бирок көп өтпөй «НДПК» партиясы жарыштан четтетилген.

Кошумчалай кетсек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге дагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.