Акын Баян Акматов Facebook социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй пикирин калтырган. Текстти өзгөртүүсүз беребиз:
«Эл уулу болгондуктан элдин баары эркелетип айтат да… Акыным, эл адамы, залкарым, сиз менен сыймыктанам жана башка ушул сыяктуу керемет сөздөр менен. Кулак байкуш көнө түшөт турбайбы.
Он күндөй болуп калды оорудум. Оору дагы Кудайдын белеги эмеспи! Алгач нарындын ооруканасына алып келишти. Отурам эмне кылышат эми деп. Бир убакта сүйлөшүп атышат.
— Больной келди… депчи.
Мен дагы эки жакты карап койом, кайсы больной болду экен деп. Карасам менден башка киши жок. Көрсө мени айтып атыптыр. Өз атым ким экенин унутуп койо жаздабадымбы. Атың ким? Жоламан, атаңдын аты болсо Дөнөнбай!
Эки доктурдун сөзүнө маңкурт болуп каламбы деп атымды, ата тегимди бир сыйра тактап чыкпадымбы.
Андан соң Бишкектин ооруканасына алып келишти. Ал жактан кулак көнүп калыптыр. Больноймун деп эле калдым.
Акматов десе, эмне больной дебей атат деп да калдым.
Кудайга шүгүр элдин батасынан өткөн дары барбы? Азыр жакшы болуп келатабыз.
Больница менен милициядан ары кылсын деп койушат го. Больницада больной десе милициядан эмне дешет болду экен деп ойлонуп койом. Билбей эле койолу! Кудайым билгизбей эле койсун. Ден соолукта болуңуздар!
Эмки айт майрамында да кемибей жолугушалы, орозоңуздар кабыл болсун!» — деп жазган акын Акматов.