Эл аралык уюмдардын жетекчилери Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттукташты.

«Тынчтыктын жана ынтымактын символу болгон ыйык Орозо айт майрамы Түрк дүйнөсүндөгү боордоштук мамилелерди чыңдай берсин. Түрк Кеңешинин мүчөлөрүнүн ортосундагы байланыш жана кызматташтык мындан ары да бекемделет жана кеңейет деп ишенем», — деп белгилейт Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) Башкы катчысы Багдад Амреев өзүнүн куттуктоосунда.

«Сизди, Садыр Нургожоевич улуу Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Кыргыз элине тынчтык, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайм», — деп айтылат Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдыралинин куттуктоосунда.

«Биз Алладан Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсүн тынбай тиленебиз, ошондой эле жалпы ислам үммөтүнө тынчтык жана эсенчилик каалайбыз», — дейт Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) Башкы катчысы Юсуф Бин Ахмед Аль-Усеймин куттуктоо катында.