Тажикстандын Элдик-демократиялык партиясынын төрагасынын орун басары Хайриниссо Юсуфи кыргызстандыктарга кайрылып, эки өлкөнүн ортосундагы тынчтык жана ынтымакты калыбына келтирүү үчүн чогуу аракет көрүүгө чакырганын “Озоди” радиосу жазды. Партияны Тажикстан президенти Эмомали Рахмон жетектейт.

Хайриннисо Юсуфи 12-майда орус жана кыргыз тилинде видеокайрылуу жасап, Тажикстан жана Кыргызстан жарандары тынчтык жана ынтымакта жашоосу керек экенин айткан.

“Көп кылымдык коңшулук тарыхыбызда көптөгөн сыноолорду баштан өткөрүп, бири-бирибизден үйрөндүк. Ар бирибиздин коңшу өлкөдө жакшы кесиптеш, тааныш, дос, тууганыбыз бар. Ушул күндөрү эки өлкөдө тең бизди жалпы тарых, туугандык байланыш, маданият жана дин бириктирип турары көп айтылып жатат. Биз бүгүн биригишибиз керек, эки тарап тең жаратмандык күч менен тынчтыкка жана ынак коңшулукка умтулуп, эркибизди көрсөтүшүбүз керек. Биздин эл тынчтыкта өмүр сүрүшү керек”, — деди Хайриниссо Юсуфи.