Кадамжайда Таджикистандын кол салуусунан каза тапкандарга багышталып 82 мечитте куран окутулду. Бул тууралуу Молдо Нияз мурастары коомдук фондунан билдиришти.

«Кадамжай шаарынын борбордук стадионунда Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы жана муфтиятты менен биргеликте Баткен облусундагы Таджикистандын кол салуусунан каза тапкан бир туугандарыбыздын арбагына багыштап, райондун аймагында жайгашкан 82 мечиттен Куран хатму түшүрүлүп куран окутулду.

Ошондой эле «Асма кж» жана «Эмирстрой» курулуш компанияларынын жетекчилери Ашимов Абдулатип  менен Эрлан Абдушаимов шейит кеткен жарандардын үй бүлөсүнө 100000 сомдон акчалай жардам көрсөтүштү.

Ишиңиздерге ийгилик, каалап ыраазычылык билдиребиз. Мындан ары мекенибизде тынчтык, элибизде амандык болуп болсун! Кармаган орозолору кабыл болуп кийинки рамазан айына чейин түгөл бололу»,- деп билдирди аталган фондунан.

Возможно, это изображение (2 человека, люди стоят и на открытом воздухе)

Возможно, это изображение (6 человек, люди стоят, военная форма и на открытом воздухе)