Бүгүн, 14-майда Кыргыз-Тажик чек ара чырында жаракат алган 1983-жылы туулган К.Ч. Түркияга операция жасатуу үчүн жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу «Тез жардам» унаасы менен аэропортко жеткирилди. «Чек ара чырында жаракат алган К.Ч 1983-жылы Баткен облусунун Лейлек районунун Интернационал айылында туулган.

Ал 30-апрелде Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келинген. Ал көздүн чел кабыгынан жаракат алган. Ага операция жасалгандан кийин Компьютердик томография оң көздүн ичинде кичинекей нерселер байкалган. Ал бүгүн Түркияга операция жасатууга учуп кетти. Операцияга кеткен чыгымды «Кызыл жарым ай» коому каржылат», — деп жызалат маалыматта. Белгилей кетсек, Тажикстандын агерсивдүү кол салуусунан кыргыз тараптын 189 адам жараткат алып, 36 адам каза болгон.