Арипов Назарали Турдуалиевич Казакстандын Алматы шаарына Башкы консулдук кызматка дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров 8-майда кол койду.

Арипов  Баткен облусу, Лейлек району, Кара-Булак айылында 1970-жылдын 28-апрелинде туулган.

Үч балалуу.

Билими:

Ош технологиялык университети, жол кыймылын башкаруу бөлүмү, адистиги — жол инженери.

Эмгек жолу:

1990 — Волга автомобиль заводунда транспортер.

1994-1997 — «Эрдик» жеке ишканасынын директору.

1997-2001 — Жеке ишкер.

2001-2003 — «Прагма Инк.» ЖЧКнын директору.

2003-2009 — Гефест ЖЧКсынын директору.

2007 — Ош шаардык Кеңешинин депутаты.

2009-2010 — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ош шаары боюнча Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык башкармалыгынын директору.

2010-жылдын  V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты («Республика» фракциясы).

Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин мүчөсү.

2012-жылы  Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин мүчөсү.

2016-жылдын июнь айынан 2020-жылдын август айына чейин БШКга мүчө болуп иштеген.