Өлкөдө жалпы республикалык тестке кошумча каттоо 17-майда жана 20-майда болуп өтөт. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттоо тест борборлорунда (ЖРТ боло турган мектептерде) тесттин администраторлору өткөрүшөт. Ар бир тест борборунда (мектептерде) каттоо 13:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлөт. «Катталып жаткан учурда абитуриенттердин колунда төмөнкүлөр болушу керек:

Каттоо төлөмдөрү төгүлгөндүгүн тастыктаган РСК банктын квитанциясы Паспорт, же аскер кызматындагыларга аскердик күбөлүк;

Инсанды күбөлөндүргөн документтери жок тестке кирүү МҮМКҮН ЭМЕС! 1 жылдан ашпаган мөөнөт ичинде тартылган, 3х4 өлчөмүндөгү эки бирдей сүрөт;

мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн орто билим жөнүндө аттестаттын түп нускасы (оригинал) же орто кесиптик билимди тастыктаган дипломдун түп нускасы;

2021-жылдын бүтүрүүчүлөрү мектептен алынып, директордун колу жана мектептин мөөрү басылган маалымкатты (справка) тапшырыш керек.

Маалымкатта абитуриенттин сүрөтү чапталып, сүрөттө маалымкатты берген окуу жайды мөөрү басышлышы милдеттүү түрдө талап кылынат. Ар бир район же шаарда боло турган каттоо күнүн райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнөн билип алсаӊыз болот. Жогоруда саналган документтердин бири гана жок болгон учурда каттоо жүргүзүлбөйт», — деп жазылат маалыматта.