Бүгүн,  14-май күнү Талас ОИИБнин имаратында облус аймагында ички иштер органдарында иштеп, кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерди эскерүү аземи өттү. Иш-чарага ОИИБнин жетекчилик курамы, ички иштер органдарынын ардагерлери жана курман болгондордун жакын туугандары катышты. Адегенде башкармалыктын начальниги Асанов Марлис сөз сүйлөп, анда кызмат учурунда курман болгондорун элесине  карата сый-урматын жана алардын түмөн түйшүктүү эмгектерин айтып өттү.

«Кызмат учурунда курман болгондор биз сыймыктанган эрктүү, мыкты эр азаматтар. Алар өз коопсуздугунан да жарандардын жана мамлекеттин коопсуздугун жогору коюп,  өз милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылышкан. Биз алардын ак эмгегин жана жаркын элесин эч убакта унутпайбыз!»,-деди Марлис Асанов.

Курман болгондордун арасында жетекчилик курамдан, тергөөчү, ыкчам кызматкер, аймактык инспектор жана айдоочулары да бар. Алардын жакын туугандары сөз сүйлөшүп, бүгүнкү күндө иштеп жаткан милиция кызматкерлерине болгон каалоо-тилектерин айтышып, андан соң курман болгондорго куран окулуп, атайын орнотулган эстелик мемориалга гүл чамбар орнотуу аземи болуп өттү.

Андан соң чогулган ардагерлер жана коноктор 9-май-Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүн даңазалоо максатында Талас шаарынын сейил паркындагы эстеликти зыярат кылып, гүл коюшту. Атайын ушул даталуу күндө Талас облусунун ИИОго жаңы кызматка киришкен жаш кызматкерлердин ант берүү аземи салтанаттуу  түрдө өттү. Жаш кызматкерлер  Мекен алдында чын дилинен кызмат кылууга жана аны көздүн карегиндей сактап, ал үчүн жанын дагы аябастыгы тууралуу ант беришип толук камдуу ИИОго жумушка киришишти.

 

Талас ОИИБни Басма сөз кызматы