Ак-Сай айылдык кеңешинин аялдары бүгүн Баткен облустук администрациясына митингге чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Митингчилер бийликтен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин бүтүрүүнү, аймактын жана жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылышууда.

«Биз, аялдар, энелер, бийликке өз сөзүбүздү айтуу үчүн чыктык. Эми биз балдарыбыздын өмүрүнө коркунуч келтиргибиз келбейт. Биз балдарыбыз менен неберелерибиз тажик армиясынын бутасы болушун жана алардын балалыгы от астында калганын каалабайбыз. Мен Капчыгай айылында төрөлгөм. Буга чейин апам мени шашып алып, тажиктердин огунан качып жүргөн. Азыр балдарым менен качып баратам. Неберелеримдин тагдыры эмне болот? » — дейт Майрам Жанжигитова.

Митингчилер кыргыз бийлигинен Капчыгай (Таңги) конушунун чыгыш тарабын айланып өтүүчү Ходжаи Альо-Ворух жолунун курулушуна макул болбоону суранышат.

«Мен улгайган аялмын, мен бардык чек ара чыр-чатактарын башымдан өткөрдүм. Бийликтен жерибизди коңшуларга бербегиле деп митингге чыктык. Жолдун курулушуна тиешелүү акыркы протокол бизди абдан тынчсыздандырат. Бул туура эмес. Ошондо биздин аймак эки бөлүккө бөлүнөт. Эгер жолду Тажикстан колдонсо, эртең дагы бир жаңжал чыкса, бүт аймак блокадада калат деген кепилдик жок. Ошондо суу бизге токтоп калат. Кантип жашашыбыз керек? » — деп сурайт Раат Калматова.

Аялдар Ворух анклавына чейин жол бар экендигин, дагы бир жол керексиз болуп калаарын белгилешти.