Ош ОИИБдин ыкчам кызматынын кызматкерлерине 2021-жылдын 12-майында   Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында «У» аттуу жаран мал уурулук кылып жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Аталган билдирүү 2021-жылдын 12-майында   Ош ОИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренесинин  2-бөлүмүнүн 2-пунктунда  (Уурдоо) каралган кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши катталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 2021-жылдын 13-майына караган түнү саат 02:20 чамасында Ноокат районунун Көк-Бел айыл аймагынын Бел айылында Өзгөн районунун Кароол айылынын тургуну 33 жаштагы Б.М.ге таандык Мерседес-Бенц (жүк ташуучу) автоунаасы кармалып, аталган автоунаага ошол жерде кечиктирүүсүз тинтүү жүргүзүлгөн. Кечиктирүүсүз тинтүү жүргүзүү учурунда Мерседес-Бенц автоунаасынын арткы жүк салуучу жайынан 8 баш мал алынган.

Аталган малдарды уурдап бара жаткан атуулдар Ноокат районунун 24 жаштагы С. у Б.  жана  Кара-Суу районунун 22 жаштагы К у Б. аттуу тургундары экендиги аныкталып, аталган атуулдар буга чейин да мал уурулукка шектелип, бирок тергөөдөн качып жүрүшкөндөрү аныкталган.

Ал эми жогоруда аталган малдар Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын тургундары Д.Б., К.Б., Т.Н. жана Д.К.га таандык экендиги такталып, уурдалып бара жаткан малдар аталган атуулдарга кайтарылып берилген.

Ошол эле учурда уурдалып бара жаткан малдар өз ээлери аныкталганга чейин далил буюм катары Ош ОИИБдин 2-имаратынын короосунда кармалып турган. Малдардын ээлери табылгандан кийин таанытуу протоколу түзүлүп, ээлерине кайтарылып берилген.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы