Тагдыр: Бир жолу үйдө апам жок болуп, кайынатам мас келди…
Жашоонун агымы менен мен да Москвага бакыт издеп барып калдым. Москванын ыссык суугуна күйүп, ата-энеме жардам болсун деп иштеп жүрдүм. Алгач тил билбей бир топ кыйналып, жанымда чогуу иштеген кыздар жардам берип жүрүштү. Эки жыл иштеген соң, бир күнү кыздар менен кафеде эс алып, ошол жерде Кыргыз жигиттер менен таанышып калдык. Алардын арасынан Арзымат деген жигит экөөбүз жакшы мамиле түзүп, телефондон сүлөшүп, кез-кезде жолугуп, ынак болуп кеттик. Ал курулуш тармагында иштейт. Атам алган кредит бүтсө үйлөнөм деп айта берчү. Бир жарым жылдай жолугушуп жүрүп, күзүндө Кыргызстанга келип баш коштук.
Акырындан Арзыматтын үй-бүлөсүнө көнө баштадым. Кайынэнем жакшы аял. Кайынатамдын бир сөзүн эки кылбайт экен. Бирок, кайынатам ичип алса көп сүйлөп, күн көрсөтпөй, чай ичем, айран ичем, жарма жаса, жумуртка кууруп жибер деп кыйнай берет экен. Бирок, Арзымат ичпейт. Андан сурай берчүмүн “сен да ичсең ушинтип ынжык болуп каласыңбы”,-деп. “Ичсем көрөсүң”,-деп күлүп калчу.
Бир жолу үйдө апам жок болуп, кайын атам мас келди. Үйгө кирип эле “апаң кайда” деп сурады. Апам кошуна айылга эжесинин үйүнө кеткенин, кечинде Арзымат алып келе турганын айттым. Унчукпай ашканага кирип кеткен. Бир мезгилде “келин” деп кыйкырып калды. Барсам, “айрандан чалап жасап берчи”, деп сурады. Муздаткычтан айранды алдым да суу куюп, туздан бир аз салып чалап жасап бердим. Ичти да, мурдун чүйрүп, “апаң жасаган чалапка окшобоптур, тузду көп салыптырсың. Кемпирим бир аз жок болсо кууратат турбайсыңарбы” деп күбүрөнүп кирди. Акырын эшиккке чыгып кеттим.
Ошентип күндөр өтүп жатты. Бирок, кайынатам киришкени көбөйүп, ар бир жасаган жумушумдан кынтык таап, кобурана бере турган адат таап алды. Кээде тамак жасап жатсам казандын капкагын ачып көрө турган, “майды көп куюпсуң, пиязды чала куурупсуң”, деп. Кээде Арзыматка айтып салсамбы деп ойлонуп, бирок атасын жаман көрүп калат деп унчукпайт элем.
Арадан убак өтүп балалуу болдук. Неберелүү болдум деп бир досу менен аябай небересин жууп ичишти. Кээде неберемди берчи деп алып, тигиле карап “ыя Арзымат бул бала бизге окшошпойт го. Тай тарабын тартса керек”, дей берчү.
Күн өткөн сайын балам торолуп, там-туң басып кылыгы чыгып жатты. Бирок, баланын ыйлаганы, катуу чуркап ойногону чоң атасына жакпай “тынчы” деп эле кыйкыра берет. Акырын бир күнү Арзыматка башка жакка чыгып же кайра Москвага барып иштеп келели деп айттым. Ал Москвадан көңүл калганын Бишкекке барып, баланы бакчага берип иштейли деген сунушун айтты. Ага деле макул болдум. Бул ойду кайынатам менен кайынэнем укканда апам колдоду. “Макул иштегиле жашсыңар, каалсаңар баланы мен карайын”, деди. Бирок Арзымат баланы бакчага эле берели, сизди да кыйнайт, 5-6 жаш болгондо берели анан баккыла мектепке алып барып деген оюун айтты. Ошол кезде кайынатам жини келип, “эмне катын балаңды ээрчитип качып жатасыңбы? Катының кетели дедиби, кызмат кылып тажаптырбы, кетсең кет катының мага башынан жакчу эмес” деп кыйкырып салды. Баарыбыз унчукпай отуруп калдык. Бир кезде апам “сени карап эле отура беришсинби, жөн кой жаш кезде иштешсин. Ансыз да сенин кредитиңди байкуш бала иштеп төлөп берди” деди. Кайнатам столду бир чаап “сен да кет!” деп кыйкырып бакырып эшикке чыгып кетти.
Апам байкуш эмне кылаар айласын таппай, “балдарым, буга көңүл бөлбөгүлө иче берип айнып калды” деп ыйлап жиберди. Арзымат “апа атамды караталы”, деди. Апам каршы чыкты “кой балам, анда да тажатат, менден кутулгуңар келип жатабы, псих болуп калдымбы деп улуу эжең айтканда аны да сөгүп сагып үйдөн кууп чыккан” деди.
Ошол бойдон биз шаарга келе бердик. Андан бери жарым жыл өтүп калды. Бирок, айылга бараарда кадимкидей заарканып, апамды ойлоп эле барабыз. Кээде, атам деле жакшы киши болгон, болгону арак баарын бузду деп өзүмдү алдайм. Эмнеси болсо да балдарга үлгү болчу үйдүн куту карыларга деле бактылуу карылык бергени жакшы экен. Кудай сактасын, кокус апама бир нерсе болсо атам эч жерге батпай калабы деп ойлоп да коркуп кетем….