Социалдык тармактарда УКМКнын кызматкерлеринин атынан президент Садыр Жапаровго Камчыбек Ташиевге карата чара көрүү боюнча кайрылуусу тараган. Мекеменин басма сөз кызматы бул маалыматты фейк деп билдирди.

«Социалдык тармактарда кызматкерлер президентке кайрылды деген билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Бул кызыкдар күчтөрдүн аракеттери, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын убактысын мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуунун негизги милдеттеринен алаксытуу аракеттеринин элементтеринин бири. Бүгүнкү күндө УКМКнын өздүк курамынын моралдык-психологиялык климаты бирдиктүү жана өлкө жетекчилиги тарабынан дагы, мекеме тарабынан дагы алдыга коюлган милдеттердин ийгиликтүү аткарылышы үчүн бардык шарттар түзүлгөн», — деп жазылат маалыматта.