Кытайдын «Tianwen 1»  космос кемеси Марстын бетине конгонун Синхуа агенттиги Улуттук космостук администрацияга шилтеме берүү менен билдирди.

Ал Хайнань провинциясынан 2020-жылы 23-июлда учурулган.

Агенттиктин билдиришинче, космос кемеси жети ай саякаттап жүрүп, февраль айында Марстын орбитасына чыккан.

“Жерден көзөмөл жок болгондуктан конуу өтө татаал болду, кеме аны өзү жүргүздү”,- деди Улуттук Космостук Башкармалыктын Айды жана Космос программаларын изилдөө борборунун кызматкери Ген Ян.