Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы “Рейна Кенч” эт комбинатынын ишке киргизилишине катышты. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынан билдирди.

Мамлекет башчысына ишкананын малды союу, этти баштапкы иштетүүдөн өткөрүү жана даяр продукцияны акыркы керектөөчүгө жеткирүү боюнча жасаган иштери жөнүндө маалымат берилди.

Эт комбинатынын курулуш иштери өткөн жылдын август айында башталган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 500 баш майда жана 100 баш бодо мал союуну түзөт.

Ишкананы ишке киргизүүгө жалпысынан 132 миллион сом сарпталып, анын 36 миллион сому “Айыл Банк” ААКсы  тарабынан жеңилдетилген ресурс катары бөлүнгөн.

Эт комбинаты малды Ысык-Көл облусунун төрт районунун фермерлеринен түздөн-түз сатып алып турат. Аны менен облустун малчыларынан малдын туруктуу түрдө сатылып алынышы камсыз кылынары белгиленди.

Мындан сырткары, ишкананын өзүнүн лабораториясы бар, ал чыгарылып жаткан продукциянын экологиялык жактан жогорку сапатта экенине кепилдик берет.

Эт комбинатында жүздөн ашуун адам жумуш менен камсыздалат жана алардын көпчүлүгү жергиликтүү тургундардан турат.

Ишканада чийки зат жана үрөн базасы, асыл тукум чарбасы, ошондой эле “фермерлердин мектеби” болгондуктан, эт комбинатынын ишке кириши эт кластеринин толук кызматын камсыздай алат.

Садыр Жапаров эт комбинатынын өндүрүш цехтерин, иш бөлмөлөрүн көрүп чыкты. Президент ишкананын учурда региондун, келечекте бүтүндөй өлкөнүн, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга салымын кошуп жатканын канааттануу менен белгиледи.

Ал кайра иштетүү тармагын колдоо аркылуу калкты сапаттуу айыл чарба продукциясы менен камсыз кылуу мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигине токтолду.

Президент Садыр Жапаров өлкө жетекчилиги тарабынан мындан ары дагы жергиликтүү инвесторлорду колдоого жакшылап көңүл буруларына ишендирди.

Ошол эле жерде Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар менен баарлашты, алар ички жолдорду оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, жер тилкелерин трансформациялоо, маданият тармагын колдоо тууралуу маселелерди көтөрүштү.

Өз кезегинде Президент алдыда мерчемделип жаткан социалдык-экономикалык реформалардын алкагында жергиликтүү жарандардын жашоо-шартын жогорулатууга өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.

Мамлекет башчысы ошондой эле жергиликтүү фермерлерге “Айыл Банк” ААКтын айыл чарба техникасын лизингге берүү боюнча сертификаттарын тапшырды.

Андан соң Президент Садыр Жапаров малчылардын жана айыл чарба продукцияларынын жарманкесине барып, жергиликтүү ишкерлер менен баарлашты.