Facebook социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу Эрнис Нурдин учурдагы абал тууралуу коомчулукка төмөнкүдөй кайрылуу жолдогон:
«Жапаров-Ташиевди жакшы көргөнүң да, жаман көргөнүң да колдоп тур! Өлкөнүн башына 30 жылда топтолгон опурталдуу маселелердин чоң сыноолору келди.
Россия-Туркия менен бычактын кырында сүйлөшүү менен тең салмактуу мамилени түзүп кетүү, дүйнөлүк алтын мафиясы менен болгон соттошуу, кошуналар менен чек ара маселесин такташуу, өлкөдөгү чала өлгөн жыландай болгон коррупционерлердин ичтен кыжырдануусу, президентти жети баштуу ажыдаардай ороп турат.
Карапайым эл кайраттуу болуп, ар кандай чагымдарга ишенбей, бир жакадан баш чыгаралы!
Бир эле Кумтөр маселеси тереңдеп кетсе, эгемендиктен берки 1000дей элитанын бети ачылганы турат.
Ушундай учурда бүгүнкү бийликке карапайым калк калкан болуп бериши керек.
Калкан болбой арабыздан ырк кетсе, Кыргызстанды чачып жиберейин деген күчтөр толтура» — деп жазган Эрнис Нурдин.