Кыргызстанда көркөм жана даректүү тасмалардын долбоорлорун кабыл алуу үчүн «Эң мыкты кинодолбоорлор» сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Кинематография департаментинен кабарлашты.

Ага ылайык, сынакка катыша турчу долбоорлор инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсүнө түрткү берген, патриоттуулукка үндөгөн, социалдык маанилүү маселелерди чагылдырган, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган темаларды камтуусу зарыл.

Автор КР жараны болушу керек. Долбоор кыргыз жана орус тилдеринде кабыл алынат.

Талаптар:

  • Долбоордун синопсисинин берилген темага ылайыктуулугу (1-2 барак);
  • Сценарий;
  • Өтүнүч (автордун тасма аркылуу берейин деген ою);
  • Календардык план;
  • Долбоордун бюджети;
  • Кинодолбоордун режиссёрунун, сценаристтин өмүр баяны, атайын окуу жайын же режиссёрдук курсту бүтүргөндүгү тууралуу документ;
  • Режиссёрдун фильмографиясы, эл аралык кинофестивалдарда алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
  • Кино тармагында жетишкендиктери бар адистин көркөм жетекчи болууга макулдук каты;
  • Тарта турган кинокомпаниянын же студиянын фильмографиясы.

Департамент тизмедеги талап кылынган иш кагаздардын беш экземпляры болушу керектигин эскертти. Иш кагаздар толук болбосо кабыл алынбайт.

Суроолор болсо (0312) 300265, 312 301046 телефон номерлерине кайрылыңыздар.