Бишкектин Ленин районунун Жумабек көчөсүндө жайгашкан «Голд» мейманканасынан чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, өрт саат 22:41де чектөөгө алынып, саат 00:54тө толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби айтылган эмес.

«Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан жалпы 6 атайын техника тартылды. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок», — деп айтылат маалыматта.