Кээ бир адамдар унчукпай калууну билишет.
Бул бактылуулар тынчтыктын күчүн билишет жана бир да сөз сүйлөбөстөн өздөрүн ыңгайлуу сезишет. Көп адамдар унчукпай калууну үйрөнүүсү керек.
Унчукпоо адамдарды өзүнө көңүл бурдурат.
Эгерде силер мектептеги классты же топтолгон адамдарды толугу менен көңүл бурдурууну кааласаңар, анда жөн гана унчукпай койсоңор, ошол ийгиликтүү болоорун байкасаңар керек.
Качан гана мугалим же лектор унчукпай калса, анда отургандар абдан кызыгуу менен көңүл бурушат.
Лектордун унчукпай калуусу бир нерсенин болуп жаткан белгисин билдирет. Отургандар эмнеге унчукпай калды деп көңүл бурушат.
Бул болсо эл алдында сүйлөгөнгө гана тиешелүү эмес, күнүмдүк сүйлөшүүгө да тиешелүү. Унчукпай калганда жыйналып, болгон көңүлүн бурат.
Унчукпоо – бул кээ бир суроого жооп да болуп эсептелет.
Кээде биз ашыкча сүйлөп, бир нерселерди көп түшүндүрүшөбүз. Берилген суроого унчукпай калуу, кээде эң жакшы жооп болуп эсептелет.
Терс жоопту жумшартыш үчүн унчукпай да коюууга болот. Жок деген сөздү айтпастан, оройлуктан жана көп сөздөн качууда пайдалансок болот. Чындынында унчукпай калуу кандай гана оор кырдаал болбосун, эң оңой жана жакшы жооп.
Дагы бир мисал: бирөө кемсинтүү максатында же кандайдыр бир, биз макул болбой турган нерсеге жооп бербей коюу менен, мага бул жаккан жок, мен каршымын деген ойду билдиребиз.
Унчукпоо – жаңдашып ымдашууну колдонтот.
Жаңдашып-ымдашуу, жаңсоо, үндү каттуу чыгарганга караганда көркөм болот. Беттин кебетеси, жаңсоо, ымдашуу, үндүн тону көп нерсе айтат. Жаңсоону түшүнө билүү өзүнчө эле чоң чеберчилик болуп саналат да, башка адамдар менен сүйлөшүүдө жана бекем мамиле түзүүдө күчтүү курал катары колдонсо болот.
Унчукпоо – бул боорукерлик кылуу.
Кээ бир учурларда унчукпай калуу айоо сезим менен бирдей, башка адамды түшүнүп турганыңызды билдирет. Кээде туура сөз таап айта албайсың.
Азап же кайгыны сөз менен соорото албайбыз. Бирок унчукпастан ал адамга камкордукту жана кайгысын тең бөлүшкөнүбүздү көргөзө алабыз.
Унчукпоо — бул сый урмат.
Бизди ар дайым айланадагы маалыматтар курчап турат. Үналгы, сыналгыдан берилген акыркы кабарлар, дүкөндөгү, лифтеги музыкалар, кол телефондогу жана планшеттеги маалыматтар жана башкалар. Анысы аз келгенсип, жаагы тынбай сүйлөгөн адамдар. Социалдык жашоодон четтеп калбаш үчүн сүйлөшүшүбүз керек деп сезгендиктен башыбыз менен кирип кетебиз.
Айланадагы маалыматты жеткирип туруш керек. Аз убакыт ичинде көп маалымат бергенге аракет кылабыз. Бирок унчукпай турганда маектешибизди кунт коюп угуп, ар бир айткан сөзүн сыйлаарыбызды көрсөтөбүз.
Ошондуктан, унчукпоо бул жакшы чеченге айланткан күчтүү курал. Тынчтык – бул колдонгонду билиш керек болгон эң чоң күч.
Унчукпай калганды да үйрөнүңүз.
Интернет булактарынан.