Даярдалган социалдык ролик – чет элдик туристтердин Ысык-Көл облусуна келиши үчүн туристтик багытынын ишенимдүүлүгүнүн олуттуу аргументи болуп саналарын жана туристтер өздөрүнүн коопсуздугу жөнүндө ойлонбостон, аймактын уникалдуу жаратылыш кооздугунан ырахат алышаарын билдирет.

Облустук милициядан билдиргенине караганда, жайкы туристтик мезгили жакындаган сайын, туристтик милициянын өздүк курамына туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун жана жайлуулугун камсыз кылуу жаатындагы милдеттердин натыйжалуулугу үчүн чоң жоопкерчилик жүктөлөт. Мурдагы жылдарда топтолгон тажрыйба, быйылкы жайкы туристтик мезгилде да колдонулмакчы. Бирок, коронавирус жугуштуу оорусуна байланыштуу киргизилген санитардык-эпидемиологиялык талаптарына ылайык жүргүзүлмөкчү.
«Чет элдик туристтер гана эмес, республиканын башка облустарынан жана шаарларынан келген эс алуучулар дагы өздүк коопсуздугунан баштап, эгерде алар аймакты жакшы билбесе, ошол жердин жолдорун жана багыттарын көрсөтүүгө чейин туристтик милициянын ар кандай жардамдарын алууга мүмкүнчүлүк алышат. Алыскы мамлекеттерден келген туристтер, көбүнчө тоо туризмине басым жасагандыктан, туристтик милиция Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда орун алган тоолуу туристтик маршруттарда да кайгуул иштерин жүргүзүп турмакчы. Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында болсо 13 каттам боюнча кызмат өтөшөт жана келген меймандарга өздөрүнүн кеңештерин берип турмакчы, ошондой эле, туристтердин бардык кайрылууларына тез жана сапаттуу кызматтарын көрсөтүп турмакчы», — деп айтылат билдирүүдө.

 

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы