Кыргызстанда акыркы суткада пневмония жана COVID-19дун  259 учуру аныкталып, 8 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 161, Ошто 1,

Чүйдө 44,

Нарында 14,

Таласта 5,

Ысык-Көлдө 24,

Жалал-Абадда 10 учур катталган.

Бир сутка ичинде дагы сегиз адам коронавирустан көз жумду.

Бишкек шаарында беш, Чүй облусунда эки, Ысык-Көл облусунда бир өлүм катталды.

2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 1711 адам каза болду.

Республикада коронавирус менен 4 миң 39 адам ооруса, 525 адам оор абалда.