Саясат

Жогорку Кеңеш «Кумтөр» боюнча мамлекеттик комиссиянын отчетун карай баштады. Жыйынга Президент келген жок

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүүдө. Жыйынга президент Садыр Жапаров келген жок.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Кумтөр маселеси боюнча сүйлөй турганы айтылган.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-майда чукул жыйынга чогулуп, Кумтөрдүн айланасындагы соңку жагдайды талкуулаганы жатат. Анда кенге байланыштуу түзүлгөн мамлекеттик комиссия маалымат берип жатат.

Кезексиз жыйында парламент бүгүн Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын отчетун карай баштады.

Анын төрагасы Акылбек Жапаров 14-майда шахтада мөңгүлөрдүн абалынын жана кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү мониторинг тутуму токтоп калгандыгын, бул ушул зонада иштеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирип жаткандыгын билдирди.

«Дээрлик эки айдан бери жетекчилик жок, биздин адистер, башкача айтканда, ортоңку жетекчилер иштеп жатышат. Негизги адамдар кетишти. Уруксатсыз  өчүрүү  укук коргоо органдары тарабынан текшерилет », — деди ал.

Жыйындын күн тартибине «Кумтөр» боюнча комиссиянын отчетунан тышкары, чек арадагы кырдаал маселеси дагы киргизилген.

Эске салсак, 12-майда бул комиссиянын отурумунда анын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров ишкана Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иштөөсү керек экенин белгилеп, жалпысынан «Кумтөр Голд» 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирген.

Жапаровдун айтымында, мунун 3 миллиард 86 миллиону келтирилген экологиялык зыянга байланыштуу айып пул, 1 миллиард 166 миллиону төлөнбөй калган салык.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button