Экономика

Кумтөрдөн Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, “Центерра” 11,5 миллиард доллар пайда тапкан

Кумтөр алтын кенинен Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, ал эми кенди иштетип жаткан канадалык “Центерра” компаниясы 11,5 миллиард доллар пайда тапкан. Бул тууралуу «Kумтөр Голд» ишканасынын ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссия даярдаган Кумтөр кени тууралуу тасмада айтылат. 

Маалым болгондой, Жогорку Кеңеш бүгүн Кумтөр боюнча маселени кароо үчүн кезексиз жыйынга чогулду. Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов баштаган өкмөт мүчөлөрү да катышууда.

16-майда “Центерра” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады.

12-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапапов ““Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу сунуш кылынып жатканын” билдирген, компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button