Экономика
Чек ара чырынан жабыркагандарга жалпы 87 млн сом чогулду
Кыргыз-тажик чек арасындагы, тажик тараптын кол салуусунан жабыркагандарга жалпы 87 млн сом чогулду. Бул тууралуу чогулган каражаттарды көрсөткөн сайтка жарыяланды.
Ага ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын эсебине 80 млн 251 миң 230,6 сом, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2 млн 85 миң 340 сом жана Бишкек шаарынын мэриясынын атайын эсебине 5 млн 415 миң 930,25 сом түштү.
Белгилүү болгондой, учурда чогулган каражаттар коротула элек. Ал эми, турак жайы өрттөлгөн жарандарга курулуш компаниялар үй куруп берүүдө. Жеринде ӨКМ дин жана ИИМдин кызматкерлери элге жардам берип, иш алып барууда.