“Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн изилдеген мамлекеттик комиссиянын иши узартылат. Бул тууралуу Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.

Комиссиянын иштөө мөөнөтүн 2021-жылдын күзүнө чейин узартуу пландалууда.

“Азыр арбитраждык процесстер башталды. Биз бардык кагаздарды даярдадык. Биздин юристтер парламент эл өкүлү катары арбитраждык процесстерге катышуусун сунуштоодо. Өкмөт жана мамлекеттик органдар процесстин катышуучулары болот, ал эми парламент юриспруденция боюнча жарандардын өкүлү болуп саналат. Баса, биздин 4 жараныбыз биринчи соттон жеңип чыгышты, калган соттор дагы адилеттүү болот. Алар бизди арбитраждык сотто көрсөтүшөт”, — деди Жапаров.

“Кумтөр” алтын компаниясынын ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия Жогорку Кеңештин 17-февралдагы токтому менен түзүлгөн. Кийин анын макамы мамлекеттик болуп өзгөртүлгөн.