«Кумтор Оперейтинг Компани» ишканасына карата төрт кылмыш иши козголуп, териштирилип жатат. Бул туурасында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин кезексиз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бир кылмыш иши компаниянын жетекчилигине, калганы мамлекеттик кызматтарда иштеген жооптуу кызматкерлерге карата ачылган. Анын арасында Кыргызстандын бир нече экс-премьери жана Жогорку Кеңештин депутаттары бар.

«Жадагалса бизде ошол убакта кээ бир депутаттар «Кумтөрдөн» кандайдыр бир суммада каражат алганы туурасында материалдар бар. Ошондуктан мен сиздерден бардык иштерди сурабай турууну суранам. Эгер сиздер бүгүн токтом кабыл алып берсеңиздер, эртеңден баштап буга тиешеси бар бардык кызматкерлерди, адамдарды жоопко тартууну баштайбыз», — деди Ташиев.

Ошондой эле ал учурда «Кумтөр» боюнча коррупция беренеси менен мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жана башка өкмөт мүчөлөрү тергөөдөн өтүп жатканын кошумчалады.