Сапар Исаков жетектеген өкмөт соттун укуктарын өзүнө алып, ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланган. Мындай пикирин «Кумтөр» боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Сапар Исаковдун өкмөтү ашыкча ыйгарым укук колдонгон.

«Сапар Исаков «Центерра» менен келишим түзүп, даттанууну  артка кайтарып алуу үчүн 22,5 миллиард сом алган. Ошону менен «Кумтөрдүн» ишине кийгилишпөө боюнча чечим чыгарган. Муну менен өкмөт өзүнүн ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланып сот болуп алган. Өкмөт «Центерраны» коргоп турган»,- деди Жапаров.