Centerra Gold Inc. компаниясынын Директорлор кеңешинин мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк Кыргызстандын жараны экендигин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди. Эскерте кетсек, буга чейин «Кыргызалтын» ААК кызматкерлери анын Канаданын жараны экендигин билдиришкен.

Анын айтымында, ал Түп районунда төрөлгөн, ошол жерде окуган. Жогорку билимин Россияда алган, ал жерде бир нече жыл иштеген. Андан кийин Сары-Жазда СССР кулаганга чейин иштеген. Ал ошондой эле Айдаркен сымап комбинатында иштеген. 1997-1998-жылдары Кумтөр кенин иштеткен. Андан кийин Германияга кетип, ал жакта диссертациясын жактаган. 2002-жылы Канадага көчүп келген. Ал тоо-кен тармагында 33 жылдан ашуун эмгектенген. Ал Американын эки долбоорунда иштеген. Анын Канада, Кытай, АКШ, Ханна, Монголия, Россия, Казакстан, Перу сыяктуу 13 мамлекетте 18 тоо-кен долбоорлорунда тажрыйбасы бар. Ал тоо-кен компаниясынын президенти болгон.

«Ооба, менин кош жарандыгым бар. Мен Кыргызстандын жаранымын. Паспортумду көрсөтөм. Бул мыйзамдуу. Мен мекеним Кыргызстанды сүйөм жана аны өзүмдүн үйүм деп эсептейм. 6 айдан бери мен Centerra Gold Inc компаниясынын Директорлор Кеңешинин 11 мүчөсүнүн биримин. Мени Садыр Жапаров иштөөгө жана башка долбоорлорду өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө чакырды, мен макул болдум, анын сунушун кабыл алдым. Директорлор кеңешине кирдим, мен «Кыргызалтындан» көрсөтүлгөн үч мүчөнүн биримин,»- деди Бөлтүрүк.