Теңиз Бөлтүрүк Centerra тууралуу: Канадада мындай ишкананы эчак жаап салмак
Эгер Centerra Gold Inc. компаниясы Канадада Кыргызстандагыдай иштесе, аны эчак жаап коюшмак. Бул тууралуу парламенттин кезексиз жыйынында чакырылган эксперт, «Кыргыз алтын» ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Теңиз Бөлтүрүк билдирди.
Бүгүн парламентте аталган ишкананы сырттан башкарууга алуу маселеси каралып жатат. Анда депутат Самат Исманов кыргыз өкмөтү Кумтөр маселесине байланыштуу соттордо өз максатына жете алар-албасына кызыкты.
«Мен юристтерге жана сандарга ишенем. Мен ал жакта иштегем. Декабрда барганда эмне болуп жатканын көрдүм. Мыйзам бузуулар оголе көп. Канадада болсо аны эчак жаап коюшмак. «Кумтөр Голд Компани» ушунча жылдан бери бийликтин уруксаты, колдоосу менен гана иштеп келген», — деди Бөлтүрүк.
Ал эми эл өкүлү Махабат Мавлянова «сотко кайрылып убакытты кетирбей, кенди улутташтырып салса болбойбу?» деген суроо узатты.
«Азыр бизге Канаданын, Нью-Йорктун юристтери адилеттүүлүк силер тарапта, жеңесиңер деп айтып жатышат. Ошондуктан өзүбүзгө таандык объектини улутташтыруусуз эле мыйзамдуу, адилеттүү жол менен аларыбызга ишенем», — деди адис.
«Кумтөр Голд Компани» боюнча абал
Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.
Ага чейин огорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.
Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. 11-май күнү УКМК «Кумтөр голд компани» ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.
Ал арада «Кумтөрдүн» ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.
Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.