Улуттук банк  Кумтөрдүн алтындарын түз сатып ала баштайт. Бул тууралуу парламенттин кезексиз жыйынында Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешинин Кыргызстан тараптан экс-мүчөсү Теңиз Бөлтүрүк билдирди.

Анын айтымында, «Центерра Голд» бир нече күн мурда кенди камсыздоо боюнча бардык келишимдерди бузган.

“Азырынча кор 2-3 айга жетет, эгер биз алдын албасак, кен казуу ишканасы өзүнүн ишин токтотот. Азыр мындай окуяга жол бербөө боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондуктан Улуттук банк Кумтөрдөн алтынды түз сатып алат. Жакында биринчи партия болот. Бул акчалар биздин бардык салыктык доонун ордун толтурууга жумшалат жана тышкы башкаруунун эсебине түшөт. Аталган каражатка жабдуу боюнча байланыштар калыбына келтирилет. Биз азыр Центерра Голддон коркпойбуз”,-деди ал.