Сокулук районунда жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү катары 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, 15-май күнү милицияга Ю.Г аттуу аял менен кайрылган. Өз арызында 14 жаштагы кызын зордуктаган күйөөсүнө чара көрүүнү суранган.

“Факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “16 жашка жете элек кызды зордуктоо” беренеси менен катталды. Милиция кызматкерлери арыздануучу менен шектүү 2012-жылдан бери чогу жашаганын, анын биринчи күйөөсүнөн кызын бирге тарбиялап келишкенин аныктады. Шектүү кызды зордуктагабаганын билдирүүдө, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди”, – деп айтылат маалыматта.