2021-жылдын 15-майында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бактуу-Долонту айылындагы ипподромдо   «Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization» эл аралык марафонго  35 мамлекеттин спортчулары катышкан.

Аталган  марафонго    Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери дагы катышып келишти.   Алсак,     милициянын прапощиги Нагызбек Карбозов  35-40  курактагылар арасындагы категорияда жана милициянын подполковниги Максат Тажиев   40-45  курактагылар арасындагы категория боюнча  атаандаштарынын арасынан 3-орунду ээлешип коло медалдар менен сыйланышты. Ал эми    милициянын подполковниги Таалайбек Алымкулов  45-50 курактагылар арасындагы категориялык атаандаштарынын арасынан он үчүнчү  болуп келген.

 

ИИМдин ККнын Басма сөз кызматы