Үч кыргыз жаранын тажик жарандары жайлоого бара жаткан жеринен Ворухта кармап алып сабаганы үчүн жоопко тартылат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Баткендеги өкүлчүлүгү билдирди.

Белгилүү болгондой, эки тарап кармалган адамдарды алмашкандан кийин Баткен облусунун жана Согди облусунун жетекчилери жолугушуп кырдаалды талкуулашты. Эки тарап 17-майда Ворухта кармалган кыргыз жарандарын сабоого тиешелүү адамдарды жазага тартуу боюнча келишти.

«Эки элдин коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ак-Сай айылына жана Ворух анклавына эки тараптын ички органдары тарабынан көзөмөл постун орнотуу чечими кабыл алынды.

Андан кийин Баткен облусунун жетекчилери Ак-Сай элин жолугушуунун жыйынтыгын менен тааныштырып, түшүндүрүү иштерин жүргүздү»,- деп жазылат маалыматта.