Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.

09:00дөн 17:00гө чейин -10-кичи райондогу №1 көп кабаттуу үй; 09:00дөн 18:00гө чейин — Арча-Бешик, Ынтымак, Киргизия-1 конуштарында, ошондой эле Азия, Абдрахманов, Шералиев, Садырбаев, Эркин-Тоо, Бос-Бөлтөк, Кожомкулов, Буденный, Абдраимов, Жеңиш, Баялинов, Малышев, Минск жана Багратион көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө жана Беломорский кууш көчөсүндө электр жарыгы убактылуу өчөт. 09:00дөн 18:00гө чейин — Токомбаев көчөсүнүн Байтик баатыр көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү.